www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров кесиптеши Султанбай Айжигитовдун “Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун сынга алды.

Депутаттын сөзүнөн мыйзам долбоору Россия Федерациясынын мыйзамынан көчүрүлгөн деген тыянак чыгарууга болот.

“Кыргыз тилине котормосу абдан кейиштүү, анткени терминдер биздин өлкөгө туура келбейт”, - деди Мадумаров.

Айжигитов мыйзам долбоорунун негизиси чындап эле Орусиянын мыйзамынан мыйзамынан алынганын моюнуна алды.

"Биздин тарыхыбыз, менталитетибиз окшош болгондуктан, ошол жактан алдык. Мен муну Орусиянын мыйзамдарынан алганыбызды мойнума алам. Бул мыйзам бизге керек", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости