www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери үчүн даярдалган алтын, күмүш жана коло медалдардын расмий дизайнын сунуштады.
Медалдардын дизайн-концепциясы көчмөн кыргыз элинин салттуу философиясына негизделген.
Ар бир медалдын борбордук бөлүгүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий логотиби жайгаштырылган.
Медаль эки беттүү болуп, аны илип коюуга жана атайын таянычка орнотууга ылайыкташкан комплект менен даярдалган.
Мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар дал ушул өзгөчө медалдар менен сыйланат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге ээлери бул медалдар аркылуу дүйнөлүк көчмөн спортунун тарыхында өз ысымдарын калтырышат.