www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Украинанын Эгемендүүлүк күнү менен Владимир Зеленскийди куттуктады. Украинада бул майрам 24-августта белгиленген.
Маалыматка ылайык, Си Цзиньпиндин куттуктоо каты кытай тилинде жолдонгон. Ошол эле учурда дүйнөнүн башка лидерлери өз куттуктоолорун негизинен англис тилинде жөнөтүшкөн.
Куттуктоо катында Кытай лидери эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер алардын элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилеген. Бирок каттын мазмунунда Украинадагы согуш же атайын аскердик операция тууралуу сөз болгон эмес.
Украинанын Эгемендүүлүк күнү эки күн мурун белгиленген. Владимир Зеленский болсо X социалдык тармагындагы баракчасында дүйнө лидерлеринен келген куттуктоо телеграммаларын жарыялоону улантууда.