www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунда өткөрүлүп жаткан «Укук-тартип» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө баңгизат колдонуп, автоунаа башкарган айдоочу аныкталды.
Ош ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мас абалында жана баңгизат колдонуп унаа башкарган айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Текшерүү учурунда «Хундай Соната» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, аны башкарып бара жаткан 1997-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран медициналык кароодон өткөрүлгөн. Дарыгерлердин корутундусуна ылайык, айдоочунун баңгизат колдонгону аныкталган.
Аталган факты боюнча айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, автоунаасы айып короого киргизилди.
Ош ОИИБден билдиришкендей, «Укук-тартип» аталышындагы алдын алуу иш-чаралары облус аймагындагы бардык райондордо 2026-жылдын 27-августуна чейин улантылат.