www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында милиция кызматкерине пара берүүгө шектелген жаран кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 11-августунда Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда Ош шаарынын тургуну, 1980-жылы туулган А.Д. аттуу жаран аныкталган. Ал коңшу мамлекеттен келип, тиешелүү каттоосу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтери жок жүргөнү белгилүү болгон.
Аталган жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин негизинде административдик протокол түзүлүп, мыйзамдаштыруу үчүн зарыл болгон документтерди алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Бирок, алдын ала маалыматтар боюнча, А.Д. тиешелүү документтерди тариздөөнүн ордуна милиция кызматкерине акча сунуштап, анын мыйзамсыз түрдө өлкө аймагында жүрүүсүнө шарт түзүп берүүнү өтүнгөн.
Бул факты боюнча маалымат Ош ШИИБдин электрондук маалыматтар журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2026-жылдын 24-августунда А.Д. Ош ШИИБдин административдик имаратындагы кызматтык бөлмөдө Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлүнө акча каражатын пара катары берип жаткан учурда кармалган. Кармоо иш-чарасы ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Учурда шектүүгө карата тергөө амалдары улантылууда. 26-август күнү анын баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык сотунун чечими менен эки ай мөөнөткө камакка алуу чечими кабыл алынды.