www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 9-августта, экс-депутат Камчыбек Ташиевди “Манас” аэропортунун күтүү залынан журналисттер көрүп, сүрөткө тартып алышкан. АКИпресстин журналисти аны алгач сүрөткө тартып, анан: “Бабановду күтүп жатасызбы?”, - деп сураган. Ал жок деп жооп берип, Жалал-Абадга учуп жатканын, азыр ал саясатта эместигин айткан.

“Бабанов келээр күнү, болгондо да ошол убакта Жалал-Абадга учуп жатканын, ага чейин экөө саясатта дос экенин жазышып, чогуу түшкөн сүрөтүн далай эле жайгаштырышкан эле, аны эмнеге танып койду?”, - деп жазган кесиптешибиз.

Ооба, туура, анын эмнесин танды, тоссо тосуп барганын ачык эле айта бербейби? “Саясатта эмесмин” дегени менен саясатты соцтармактарга жазып эле жүрбөйбү, муну уккан эл күлбөйбү?...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости