www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда, эсине келбей жатат. Социалдык тармакка Самат Курманкуловду балка менен башка чапкан учурдагы тасманы блогер Шүкүрбек Эркебаев социалдык тармагына жүктөдү.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында  90дон ашуун жаран жаракат алып, аталган операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болду.

Ал эми Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган, учурда абалы оор. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, мээсине кан куюлган.

Белгилей кетсек 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды. Учурда Атамбаевдин тарапташтары суракка алынып, камакка алынууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости