www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан Президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибанды өлкөнүн вице-президенти кылып дайындады. Эми Алиевдин жубайы өлкөдөгү Президенттен кийинки эле мартабалуу кызматтагы адам болуп калды дейт эксперттер.
"Мехрибан Алиева узак жылдардан бери коомдук-саясий, маданий жана эл аралык ишмердүүлүктө маанилүү ролду ойноп келүүдө. Ал көп кырдуу жана ийгиликтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келди»,-деди Алиев шейшембиде Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Ѳткөн жылдын сентябрь айында өлкөнүн конституциясы өзгөртүлүп, биринчи вице-президент жана вице-президент деген кызматтар киргизилген эле.
Көпчүлүк өлкөлөрдө өзүнүн жубайын же жакын тууганын мамлекеттик кызматка дайындаганга мыйзам жол бербейт. Бирок бир катар өлкөлөрдө коомдук пикирден династиялык салттар жана кландар үстөмдүк кылып, бийлик бул чектөөлөрдү буйтап өтүп кетет.
Буга айкын далил болуп берген мисалдарды Борбор Азиянын мурдагы постсоветтик өлкөлөрүнөн көрсө болот. Мыйзамдык тыюуга карабастан жакын тууганын мамлекеттик кызматка дайындоо кеңири жайылган.
Тажикстан
2016-жылдын январында Президент Рахмон өзүнүн жарлыгы менен кызы Озоданы мамлекет башчынын апаратына жетекчи кылып дайындаган. Буга чейин 39 жаштагы Озода Рахмон Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.
Сүрөттүн автордук укугуOFFICIAL WEBSITE OF PRESIDENT OF TAJIKSTAN
Рахмондун тун уулу 28 жаштагы Рустам Эмомали КМШ өлкөлөрүндөгү эң жаш генерал эсептелип, Тажикстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн агенттикти жетектеп келген.
Озода беш баланын энеси, Жоржтаун жана Мэриленд университеттерин бүтүргөн. Анын күйөөсү Жамолиддин Нуралиев Улуттук банктын жетекчи орун басары болуп иштейт.
Рахмондун тун уулу 28 жаштагы Рустам Эмомали КМШ өлкөлөрүндөгү эң жаш генерал эсептелип, Тажикстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн агенттикти жетектеп келген.
Жыл башында Президент уулун өлкөнүн баш калаасы Дүйшөмбүгө мэр кылып дайындаган жарлыкка кол койду. Рустам Эмомали Президенттин тогуз баласынын эң улуусу. Тажикстандагы улуттук университетти бүтүргөн. Мурда ал инвестиция боюнча жана кыймылсыз мүлк боюнча комитеттерде иштеген. Ошондой эле жаштар кеңешинин жетекчи орун басары болгон.
Казакстан
Казакстанда мамлекеттик кызматта Нурсултан Назарбаевдин неберелери иштейт. 31 жаштагы Нурали Алиев Астананын вице-мэри болуп иштеген.
Сүрөттүн автордук укугуAFP
26 жаштагы Айсултан Назарбаев Казакстандын Коргоо министрлигинде кызмат кылат. Ал өзүнүн амбицияларын да жашырбайт: "Менин негизги кызматым - мен Президенттин небересимин»,-деген ал казак ММКларына.
Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиев Президенттин кызы Дарига менен никеде турган учурунда кызматтык тепкичтерге тездик менен көтөрүлгөн. Коопсуздук кызматында биринчи орун басар, Тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Андан кийин келишпестиктер болуп, ал өлкөнү таштап чыгып кеткен. Сыртынан соттолуп, Австрияда камакка алынып, соңунда ал абак жайда каза тапканы белгилүү болгон.
Назарбаевдин кызы Дарига премьер-министрдин орун басары болуп иштеген. Азыркы учурда сенаттагы эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетин жетектейт.
Кыргызстан жана Ѳзбекстан
Кыргызстандагы жакын туугандарын бйиликке алып келүү көрүнүшү буга чейинки президенттер тушунда, айрыкча бийликтен куулган Президент Курманбек Бакиевдин тушунда өөрчүгөн.
2005-жылы өлкөнүн тунгуч Президенти Аскар Акаев уулун жана кызын парламентке алып келген. Бирок көп өтпөй, элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетти.
Аскар Акаевдин ордуна келген Курманбек Бакиев бир тууган иниси Жаныш Бакиевди Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилигине алып келген. Ал эми уулу Максим Ѳнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеген. Бакиевдин дагы бир уулу Марат Бакиев УКМК төрагасынын кеңешчиси болуп турган.
Ѳзбекстанда болсо негизинен бийлик бир үй-бүлөгө таандык деп айтышат. Анткени мамлекеттик кызматтарды кайсыл бир кландын башында турган кишилердин жакын туугандары ээлешкен. Кландык системаны көп жылдар боюу маркум Президент Ислам Каримов жетектеди.
Президенттин кызы Гулнара Каримова 2010-2011-жылдары Ѳзбекстандын Испаниядагы элчиси болуп турган. Кийин коррупцияга байланышкан жаңжалдын ортосунда калып, азырга чейин ошонун чуусу бүтпөй жүрөт.
Түндүк Корея
КЭДР көп жылдан бери Кимдердин династиясынын башкаруусунда. Түндүк Корея лидеринин туугандары жана жек жааттары өкмөттөгү негизги кызматтарды ээлешкен. Бирок ошол эле учурда Түндүк Корея чуулгандуу отставкалар жана кызматтан алуулар менен дүң болуп келүүдө.
2013-жылы КЭДР лидери Ким Чен Ын жездеси Чан Сон Тхэкти Улуттук аскердик комиссиянын жетекчи орун басары кызматынан алып, көп өтпөй өлүм жазасына тарткан.
Жакын туугандарын мамлекеттик кызматка дайындап, чуу жараткан окуялардан батыш өлкөлөрү деле четте калган эмес.
Image captionАКШнын жаңы шайланган Президенти Дональд Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге Акүйдөгү башкы кеңешчи кызматын сунуштаган.
АКШнын жаңы шайланган Президенти Дональд Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге Акүйдөгү башкы кеңешчи кызматын сунуштаганы сын пикирлерге кабылды. Ѳлкөнүн Юстиция министрлиги бул мыйзамга каршы келбейт деп билдирген. Бирок федаралдык мыйзам буга жол бербейт деп чыккан нааразы тарап.
Францияда "Республикачылардын" Президентикке талапкери Франсуа Фийон өзүнүн жубайы Пенелоп аралашып калган иш үчүн элден кечирим сураган. Фийонду депутат болуп турган учурда жубайын жардамчысы кылып жаздырып, айлык алып жүргөн деп айыпташкан. Пенелопа ал жумушту аткарбай эле айына казынадан 3677 евро айлык алып турганы боюнча айыптоолор айтылган эле.
Булак: Би-Би-Си