www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кегети капчыгайында сууга агып кеткен алты жаштагы баланын сөөгү табылганына байланыштуу маркумдун ата-энесине жана жакындарына терең көңүл айтты.
Ошондой эле, Талас районунда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери улантылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, акыркы күндөрү өлкөдө катталган кайгылуу кырсыктарга байланыштуу издөө-куткаруу иштери өзгөчө көзөмөлгө алынып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бардык күч-аракетти жумшоо тапшырмасы берилген.
Касымалиев белгилегендей, Кегети капчыгайындагы издөө иштерине 1000ден ашуун адам тартылып, алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, ыктыярчылар, ошондой эле жакынкы айылдардын тургундары болгон. Кесипкөй куткаруучулар суу үстүндө жана жээк тилкесинде үзгүлтүксүз издөө иштерин жүргүзүшкөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы кырсыкка кабылган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, издөө иштерине активдүү катышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырып, дарыялардын, көлдөрдүн жана башка суу объектилеринин жанында жаш балдарды кароосуз калтырбоого үндөдү.
«Барыбыз биргелешип аракет кылганда гана мындай кайгылуу окуялардын алдын алып, адам өмүрүн сактап кала алабыз», — деди Адылбек Касымалиев.