www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригеске көп адамдар өмүрүн алган жана масштабдуу кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Венесуэла Республикасындагы күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болуп, жабыркаганы, ошондой эле олуттуу кыйроолор болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, ошондой эле бүтүндөй Венесуэла элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бардык жабыркагандарга тез сакайып кетүүлөрүн каалайм», – деп айтылат телеграммада.

Последние новости