www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте тамеки чегүү эрежесин бузгандар жазаланды

2026-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарынын Ленин административдик районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө жана чылым аралашмаларын колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерүү максатында рейд өткөрүлдү.

Иш-чара Ленин райондук муниципалдык администрациясы тарабынан МАБдын, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулду.

Рейддин жүрүшүндө Ленин районундагы беш коомдук тамактануу жайы текшерилип, мыйзам талаптарынын сакталышы көзөмөлдөндү.

Анын негизги максаты мыйзам бузууларды аныктоо, алардын алдын алуу жана мекеме ээлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында үч административдик укук бузуу фактысы аныкталып, тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Жалпысынан мыйзам бузгандарга 150 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ленин райондук муниципалдык администрациясы коомдук тамактануу жайларынын жетекчилерин жана жарандарды коомдук жайларда тамеки буюмдарын жана чылым аралашмаларын колдонууга тыюу салган мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырды.

Мекеме мындай рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп, калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоого, шаар тургундары менен коноктору үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталарын билдирди.

Последние новости