www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №2 Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) төрагасы менен дарыгер-экспертинин кармалышына байланыштуу жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-аракеттерин толук колдой турганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул максатта коррупцияга карата нөлдүк чыдамкайлык саясаты ырааттуу ишке ашырылып, мыйзам бузган кызматкерлерге карата эң катаал чаралар көрүлөт.
"Жарандардан майыптыкты белгилөө же анын мөөнөтүн узартуу үчүн акча талап кылуу же алуу фактылары мыйзамдын, жарандардын укуктарынын жана кесиптик этиканын одоно бузулушу болуп саналат.
Мындай көрүнүштөргө жол берилбейт", – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик укук коргоо органдарына тергөөнү ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүү үчүн толук көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи. Эгер кызматкерлердин күнөөсү далилденсе, алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылары кошумчаланды.
Мындан тышкары, министрлик медициналык-социалдык экспертиза системасынын ачык-айкын жана ак ниет иштешин камсыздоо, коррупциянын алдын алуу, кызматтык тартипти күчөтүү жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иштер улантыларын маалымдады.
Ошондой эле жарандар МСЭК кызматкерлери тарабынан акча талап кылуу же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларына туш болсо, укук коргоо органдарына же түздөн-түз Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууга чакырылды. Министрлик ар бир кайрылуу кылдат жана ар тараптуу караларын белгиледи.