www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-июндан тартып Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук тармактарын реконструкциялоонун жаңы этабы башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө адистер диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу иштерин аякташкан. Бул кесилиштер учурда кыймыл үчүн толугу менен ачык.
27-июндан баштап иштер Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде улантылат жана ал жерде кыймылга жарым-жартылай чектөө киргизилет.