www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-июнда Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Кытай Эл Республикасынын «Борбордук-Түштүк архитектуралык долбоорлоо институту» акционердик коомунун долбоорду башкаруу тобу менен жолугушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанда ветеринардык, фитосанитардык жана азык-түлүк лабораториясын куруу долбоорун долбоорлоо боюнча протоколго кол коюлду.
Маалыматка ылайык, долбоор Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун даярдык этабында кытайлык адистер өлкөдөгү ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын ишмердүүлүгүн изилдеп, алардын техникалык абалына баа беришкен.
Ошондой эле жаңы лабораториялык комплексти курууга керектүү долбоордук документтер даярдалган.
Долбоордун ишке ашырылышы эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лабораториялык комплексти түзүүгө, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.