www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айыл аймагына караштуу Ата-Мерек айылында 2900 орундуу борбордук стадиондун жана 1400 орундуу волейбол залынын курулушуна мезгил кутусун салды.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Министр өз сөзүндө бүгүнкү мезгил кутусу өлкөнүн эртеңки күнү үчүн жасалып жаткан иштердин символу экенин белгиледи. Ал курулуп жаткан стадион жаштарды сергек жашоого үндөп, жаңы таланттардын өсүп чыгышына шарт түзөрүн, ошондой эле аймактын маанилүү спорт борборуна айланарын белгиледи.
Долбоордун алкагында 2,85 га жер аянтында заманбап борбордук стадион курулуп, спорттук мелдештерди өткөрүүгө, машыгууларды уюштурууга жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган инфраструктура түзүлөт.
Ошондой эле, объекттин курамында административдик жана кызматтык бөлмөлөр, пресс-борбор жана конференц-зал, спорттук командалар үчүн кийим алмаштыруучу, массаж жана машыктыруучу бөлмөлөр, ошондой эле медициналык пункт жана допинг-контрол бөлмөсү сыяктуу бардык шарттар каралган.
Жаңы стадиондун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат.