www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тамашоучу” болуп журуп заматта ырчы болуп кеткен Азамат Исмаилов укмуш бир ыр жаратты дейсиң. Аны уккан эл ыйлаарын же күлөөрүн билбей олтуруп калды. Тойго барсаң эле ушул ырды коё салышат, анан айла жок «конок койдон жоош болуп» укканга туура келет. Тойлорго арналган эчендеген жакшынакай саптардан куралган ырлар толтура го? Анчалык акча тапкысы келсе жагымдуу, маанилүү создөрдү курап ырдап чыкса болбойт беле, түгөттүкү? “Келин келгенский, чайдан куйганский, Кайнене, кайната жыргаганский.

Келин келгенский, үйдө отурганский, Күйөөсүн аябай семиртип бакканский" ... Вай-ва-ай, иский-иский... Алгач бул ырды укканда жайлоодо кой кайтарып жүргөн бир тапан бир койчу жөн эле зериккенден кыңылдап койгонбу, деп ойлойсуң. Деги, тамашанын да чеги болот да. Анан эле элдин алдына чыгып алып тамашалайт десе эле “искийин” кошуп оозун кыймылдата берсе ыр болуп санала береби? Мындай калыпта кете берсек маданиятыбыз кайсы бурчка барып такалат болду экен? Маданият министрлиги дегенибиз ушундайларды көзөмөлдөп, “кой-ай” деп койбой эмне кылып отурат, кокуй! Керкем кеңеш бар эле бар дешет, болсо алар эмне кылып жүрүштү экен?В

Булак: "Айгай пресс”

Последние новости