www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-апрелде 2016-жылы май айында, "Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнө сот каарын салды. Бул тууралуу Кубанычбек Кадыровдун бир тууган иниси Марсбек Кадыров билдирди.

“Эмне дешимди деле билбей калдым. Бүгүн, биринчи Май райондук соту, бийликти басып алгансып же оор кылмышкердей эле өкүм чыгарып салды. Бир тууганым Кубаныч Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, Эрнест Карыбековду 20 жылга, аксакал, кыргыз элине эмгеги сиңген Дастан Сарыгуловду төрт жыл камап, 3 жылын шарттуу түрдө кести. Бул эмне деген жакшылык. Өздөрү эле бийликке жыргап келиптирби? Эмне булар Батукаевден дагы коркунучтуу кылмышкер эмес го... ” –деди Марсбек Кадыров.

Андан сырткары камакта жаткан саясатчынын бир тууганы Марсбек Кадыров, мындай соттун чечимине каршы экендигинин айтып, кайра доо-арыз бере тургандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости