www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган ишкер жана активист Илгиз Шаменовго дагы бир айып угузулду. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Шаменовго ИИМдин тергөө кызматы тарабынан 36, 326-берене (Конституцияны бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айып тагылган.

«Бул берене боюнча жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Эл арасында «Кемпир-Абад иши» деп аталып калган жазык иши жакынкы арада сотко өткөрүлүп калчудай. Сотто иштин жагдайлары дыкаттык менен териштирилип, калыс баа берилип, адилеттүү чечим чыкса экен», — дейт ал.

Ал белгилегендей, учурда Шаменов ооруканада дарылануусун улантууда.

Эскерте кетсек, Илгиз Шаменов былтыр октябрдын аягында Кемпир-Абад иши боюнча «массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

Буга чейин жактоочу Канат Асанкадыр Шаменовдун балык чарба бизнесине кысым болуп жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости