www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун айланасындагы кадрлардан баягы эле 30 жылдан бери "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" Акылбек Жапаров калды эле... Буга дагы кезек жеткени калган окшойт. Жакында ээрден көчүгү кылтайып, үзөңгүдөн бут тайып, ооматы оодарылып кетиши мүмкүн болуп турат.
Дегенибиз, кийинки кездери негатив айткандар көбөйдү. Башкасы башка, президенттин өзүнүн кара чечекей кудасы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев "отставкасын" талап кыла баштаганы көп нерсени каңкуулайт. Демек, поезддин станцияга келип калганын туюндурат.
Акылбек Түмөнбаев 2-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында жөн жеринен: “Эгерде министрлер жана алардын орун басарлары жашыруундуулукка шылтап, аткарылган иштер боюнча отчет бере албаса, анда кетишсин. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да кетсин. Мындай демилгени «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы буга чейин көтөргөн. Канча акча эмнеге кеткенин, канча түшкөнүн айта албаса, капиталдык салымдардын баасын чечмелей алышпаса кетсин. Менин сунушум боюнча протоколдук тапшырма берүүңүздөрдү суранам», — деп айткан жок. Коңгуроо жогору жактан Түмөнбаевдин оозу аркылуу кагылып жатат.
Арийне, президенттин тегерегиндегилердин көбү буга дейре бир сыйра тазаланганын эске алсак, Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров деле эки достун терешинин айынан "сары улак" катары саясий оюндарга "садага чабылып" кетиши ыктымал.
Мына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин бир топ жакын санаган кадрларына ишмердүүлүгү таза эместигине байланыштуу кылмыш ишин козгоп, камап, кустуруп, иштен кеткенге аргасыз кылды.
Тактап айтканда, Саламаттыкты сактоо министри болуш иштеген Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп камалып, министрлик кызматтан кеткен. Кийин кылмыш иштери кыскарганы айтылды.
"Кумтөрдү" башкарган Тенгиз Бөлтүрүккө дагы коррупция боюнча айып тагылып, камалып, бир топ ай абакта жатып, жаңы "кусуп" эми араң үй камагына чыкты.
Энергетика министри болгон Доскул Бекмурзаевге дагы кылмыш иши козголуп, иштен кетүүгө аргасыз болду. Ошону менен кылмыш иши эмне болгону дайынсыз. Кумга сиңген суудай ың-жыңсыз жок болду.
Билим берүү министри болгон Алмаз Бейшеналиев дагы бир индустан пара алды делип, "чабылды". Бүгүнкү күндө сотто сүйрөлүп сурак берип жүрөт.
Чүй облусунун губернатору болуп иштеген Эркин Тентишев, Ош облусунун губернатору 3иядин Жамалдинов иштен кетишти.
Булак: NazarNews.kg