www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вашингтон, 14-февраль – РИА Новости. Жаңыдан АКШнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министри болуп дайындалган Роберт Кеннеди кичүү Fox News телеканалынын эфиринде АКШ жарандары дүйнөдөгү эң оорулуу калк экенин билдирди.
"Биз дүйнөдөгү бардык дары-дармектердин 70%ын сатып алабыз. Биз саламаттыкты сактоого башка өлкөлөргө караганда эки-үч эсе көп каражат сарптайбыз, бирок көрсөткүчтөрүбүз эң начар. Бизде дүйнөдөгү эң оорулуу калк бар", – деди ал.
Кеннеди кичүү өзү жетектей турган агенттиктердин көңүлүн дени сак жашоо образын жайылтууга бурарын убада кылды. "Американы кайрадан дени сак кылабыз" аттуу кеңири кампаниянын алкагында ал диеталык сунуштарды кайра карап чыгып, өтө көп кайра иштетилген азыктарга көңүл буруп, өнөкөт оорулардын баштапкы себептерин изилдөөнү көздөп жатат.
Commonwealth Fund аттуу коммерциялык эмес уюмдун 2024-жылдагы отчетуна ылайык, АКШнын саламаттыкты сактоо системасы он өнүккөн өлкөнүн ичинен эң акыркы орунду ээлеген. Бул өлкөдө саламаттыкты сактоого чыгымдалган каражат эң жогору – ИДПнын 18%ын түзгөнүнө карабастан, система начар көрсөткүчтөргө ээ. Изилдөө учурунда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү, тейлөөнүн сапаты, административдик процесстердин натыйжалуулугу, ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүү жана дарылоонун жыйынтыктары сыяктуу параметрлер бааланган. Бул рейтингде Австралия, Нидерланды жана ... алдыңкы орундарды ээлеген.