www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупционерлер соттуулугу алынып салса да, Жогорку Кеңештин депутаттыгына. Президенттикке талапкер болбосун деген чек коюлган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Мына ушул мыйзам долбоорунун күңгөй-тескейин билүү максатында мыйзамдын автору Кенжебек Бокоевди кепке тарттык.
-Кенжебек мырза, коррупционерлердин соттолгондугу алынса да кызматка келбесин деген чек коюлган мыйзам жаздыңыз. Сиз ошол мыйзамдын кайсыл бир учурда өзүңүз курмандыгы болуп калбайсызбы? Азыр Текебаев да өзү жазган айрым мыйзамдар үчүн өкүнөт дешет го?
-Мыйзам өзү эки адамга арналып же келечекте мага кесепети тийип калбасын деп жазылбайт. Мен бул мыйзамды бешинчи чакырылышта жазган мыйзамга караганда жумшарттым. Бешинчи чакырылышта Жогорку Кеңешке жана президенттикке бир да күн камалгандар талапкер болбосун, депутат, президент болуп келбесин деп мындан да күчөтүлгөн мааниде жазгам. Биринчи окуудан өткөн. Экинчи окууда 67 гана добуш алып, 80 добушка жетпей калган. Бирок, ал мыйзамды депутаттар колдобой койгон эмес. Депутаттар соттолгондор эле эмес, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да жогорку кызматтарга келбесин дегенди сунуш кылып киргиздиришкен. Ошон үчүн жетиштүү добуш албай калган. Азыр ошол эле мыйзамды жумшартып оор жана өтө оор беренелер менен соттолгондор президент жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп келбесин деген чек киргизип жатам.
-Мындай мыйзамды жазышыңызга эмне себеп болду?
- Бүгүнкү мыйзамдарга ылайык бир жыл соттолсоң укук коргоо органдарынын алты мекемесине жумушка орношо албайсың. Бирок он жыл соттолсоң да эгер соттуулугуң жоюлуп же алынып ташталса, президент же парламенттин депутаты боло аласың. Рецидивист болсо да депутат болуп шайлана берет, ошол эле кезде жөнөкөй милиция кызматкери болуп иштей албайт. Мен ушул акыйкатсыздыктан улам ушундай демилге көтөрдүм. Эгер адамдар оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен, башкача айтканда «беш жылдан жогорку мөөнөткө соттолсо, абактан чыккандан кийин соттуулугу жоюлганына же алынып ташталганына карабастан президенттикке жана депутаттыкка өмүр бою талапкер боло албайт» деген өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылып жатам. Анткени, беш жылдан ашык түрмөдө отурган киши криминалга аралашып алардын таасиринен чыга албай калышы ыктымал. Жогорку кызматтарга мамлекеттин коопсуздугу үчүн таза адамдар гана келсин деп ушундай чек коюп жатабыз. Буга кошумча катары биз жогорку билими жоктордун да президенттикке жана депутаттыкка талапкер катары катталышын чектөөнү сунуш кылдык. Анткени, айыл өкмөттүн жер адистигине же бардык муниципалдык кызматтарга жогорку билими жок адам кызматка кире албайт. Бирок, президент же депутат бола алат. Бул мыйзам менен ошол теңсиздикти жоёбуз. Кечээ бирөө “эл шайлачу кызматтарга билимдин кереги жок. Эл шайласа эле болду” дейт. Айыл өкмөттүн башчысы жана шаардын мэри боло турган талапкерлердин милдеттүү түрдө жогорку билими болушу керек. Андан тышкары да үч жылдан кем эмес, мамлекеттик кызматта иштеген стажы болушу керек деген чектер бар. Майда кызматтарга катуу чектерди коюп, эң жогорку кызматтарга андай чектер алынып салынган. Мен акыйкаттык үчүн ушундай чектерди мыйзамга киргизип жатам.
-Баса, айыл өкмөт башчысы же мэр соттолсо кызматка келбеши керек деген норма бар эле. Азыр деле күчүндөбү?
-Мурун айыл өкмөт, мэр, райондун акими соттолсо кызматка келбесин деген норма бар болчу. Бирөөлөр сотко бергенде конституциялык палата оор жана өтө оор кылмыштар менен соттолгон болсо чек койсо болот деген чечим чыгарган. Мен ошол конституциялык палатанын чечимине таянып бүгүнкү күндөгү оор жана өтө оор беренелер менен соттолгон жарандар соттуулугу жоюлуп же алынып салынса да президенттикке жана Жогорку Кеңешке талапкер боло албайт деген мыйзам долбоорун жаздым.
-Бул мыйзам адам укугуна каршы келип калбайбы? Анткени, коррупционерлердин соттуулугу алынса да президенттикке да, депутаттыкка да талапкер болбосун деген жери бар экен го?
-Коррупция өтө оор берене. Аны менен шектелип кармалып, күнөөсү далилденип, тийиштүү мөөнөтүн өтөгөндөн кийин акталып алса да андай адамдар кызматка келбеши керек. Анткени,оор кылмыш менен шектелип кармалгандар соттолуп соттуулугу жоюлганы менен күнөө алынган жок да. Ошолор күнөөсү убагында далилденгени үчүн акталса да, кызматка келбеши керек деген чек коюп жатам. Бул мыйзамды ал, бул дешкени менен мамлекеттик кызматтар коррупционерлерден тазаланууга жол ачат. Жогорку бийликти коррупционерлерден тазалоого шарт түзөт.
-Бул мыйзамыңыз колдоого алынат деген ишенимиңиз барбы? Анткени, бешинчи чакырылыштагыдай көз караштагы депутаттар азыр деле бар да...
-Мен эмес башкалар деле эң жогорку кызматтарга таза адамдар келишин кааласа керек. Бул мыйзам конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте биринчи окууда жактырылды. Парламентке кириш керек эле эмнегедир кечигип жатат. Ошондой болсо да үмүтүм зор. Депутаттар мамлекеттин келечеги үчүн колдоп берет деп ишенем.
-Бул мыйзам түрмөгө жатып калган саясатчыларга чек коюп койбойбу?
-Саясий заказ менен түрмөдө отургандарга чек койгон мыйзам экен дегендер да бар. Акаевдин, Бакиевдин жана башка да бийликтин убагында саясий заказ менен соттолгондор болгон. Алар жаңы бийлик келгенде күнөөсү жок болсо акталган. Маселен, Феликс Кулов, Исмаил Исаков бийлик алмашкандан кийин түрмөдөн чыгып, тийиштүү мезгилде акталып алышкан. Саясий буйрутма менен камалган саясатчылар же күнөөсү далилденбей эле камакка алынгандар болсо түрмөдө жатканда же түрмөдөн чыккандан кийин сотторго кайрылып акталып алса болот. Башкача айтканда, алардын жогорку кызматтарга келишине чек коюлбайт. Эгер акталып албаса чекке илинип калат.
Чынайым Кутманалиева
Булак: “Фабула”