www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Керемет банктын" кылмыш иши боюнча дагы эки айыпталуучу Түркияда кармалды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда шектүүлөрдү экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.

"Иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Мамлекетке келтирилген зыяндын 80 пайызы төлөндү. Тилекке каршы, чоо-жайын айта албайм", - деди Курманкул Зулушев.

Буга чейин Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)», «Алдамчылык» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Көзөмөл органынын тергөөчүлөрү банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Максат Дадыбаевди, банктын эки кызматкерин, ошондой эле Бишкек филиалынын директорун кармашкан. Коллегиянын жетекчисинин орун басары борбордогу гарнизондун гауптвахтасына, калгандары Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости