www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова кесиптик-техникалык лицейлерде окутуу мөөнөтүн үч жылдан эки жылга кыскартуу мыйзам долбоорун сунуштады.

Аталган документ бүгүн парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды.

"Бир жылда кесиптик-техникалык лицейлерге 14 000 окуучу тапшырса, 6000и гана бүтөт экен. Себеби окуу убактысы көп болгондуктан кетип калышат. Биз биринчи жылы 10-11-класстын программасын окутуп, экинчи жылы кесиби боюнча үйрөтүшүн сурап жатабыз. Окуу программасын Билим берүү жана илим министрлиги бизнес-ассоциациялар менен биргеликте жазып чыгат", — деди Мамашова.

Ошондой эле ал айрым чет өлкөлөрдө университеттеги бакалавр программасын үч жылга (Кыргызстанда 4 жыл) кыскартып жатканын мисалы келтирди.

Ал арада депутат Улан Примов мындай жагдай билим берүүнүн сапатына залакасын тийгизиши мүмкүн деген пикирин айтты.

Мамашова ага жооп берип, эгер кайталанма сабактар кыскартылып атайын программа иштелип чыкса, билим берүүгө терс таасир этпей турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости