www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кийинки аптада Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда парламенттин жыйынында спикер Талант Мамытов билдирди.

"Баш мыйзамдын долбоору конституциялык кеңешмеден келип түштү. Кийинки аптада бул маселени карап чыгуу сунушу келди. 17-февралда демилгечилер эки маселе каралып бүткөн долбоорду карайбыз. Кулактандыруу катары айтып коёюн", - деди ал.

Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору илинди. Былтыркы жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюп, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости