www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында (кесиптик лицейлерде) 2026-2027-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 3-июлунда аяктайт.
Агартуу министерлигинин маалыматы боюнча, мындай чечим баштапкы кесиптик билим берүү деңгээлинде окуу жылынын оптималдуу узактыгын белгилөө жана окуу жүктөмүн сарамжалдуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Эскерте кетсек, министрлер кабинети баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын иш эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизген. Төмөнкү токтомго ылайык, кесиптик лицейлерде окуу жылынын башталышы жана аяктоо мөөнөтүн мындан ары билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Ошондой эле документ студенттерди сабак учурунда окуу процессине тиешеси жок иштерге тартууга тыюу салат.