www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда электр энергиясын так эсепке алууну жакшыртуу максатында 90 комплект өлчөөчү трансформаторду жеткирүү аяктады.

Жабдуулар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Электр энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында алынган.

Трансформаторлор электр энергиясын так эсепке алууга жана бөлүштүрүүчү тармактардагы релейлик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүү иштешине багытталган.

Жабдууларды өлкөнүн бардык аймактарындагы «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКсынын филиалдарына орнотуу иштери 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин аяктайт.

Жеткирүү «АльянсСпецТех» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүп, анын жалпы суммасы 41 млн 640 миң сомду түзгөн.

Последние новости