www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов санариптик инфраструктураны иштеп чыккан Sign компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда салыктык башкарууну санариптештирүү, заманбап технологияларды колдонуу жана жасалма интеллектти салык системасына киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар жасалма интеллект технологияларын Салык кызматынын негизги аналитикалык системаларына интеграциялоо, санариптик инфраструктураны модернизациялоо жана жергиликтүү IT адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерине көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана салыктык башкарууну санариптик трансформациялоо боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин билдиришти.