www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Өткөн жылы мага райондук соттун өзү 35 ишти жөнөттү, анын ичинен мен 22сине медиациялык макулдашуу түзүүгө жардам бердим”- деди NazarNews маалымат агенттигине медиатр Хайит Айкынов
--Медиация кандай болуп жатат, жаңы түзүлгөн нерсе, туурабы. Кандай болуп жатат, Баткенде ишке кирип жатат да ээ?
--Медиация мыйзам 2017-жылы жазылып, 2018-жылы февраль айынан баштап ишке кирди. Ошондон бери медиацияга негизги кадырлар даярдоо, окутуу процесси жүрүп жатат. Мен өзүм дагы 2019-жылдан баштап окуп, октябрь айынан баштап медиатр катары ишке кирдим.
Медиатр өзү бул тараптардын чыр-чатактарын, тараптардын өзүнүн аракети менен жана медиатрдын жардамы менен сотко жеткирбей чечүү жолу болуп эсептелинет.
Медиацияга жарандар, тергөө учурунда, соттун бардык тепкичинде, аткарууга алынган чечимдер дагы кайрылса болот.Өткөн жылы мага райондук соттун өзү 35 ишти жөнөттү, анын ичинен мен 22сине медиациялык макулдашуу түзүүгө жардам бердим.
Бул жакшы көрсөткүч, жарымынан көп.Ошондой эле биз азыр сот системасы менен чогу иштешип жатабыз, алар айтып жатат бул жакшы көрсөткүч деп. Баткен облусун алсак Кызыл-Кыяда, Кадамжайда, Баткенде, Лейлекте 1,2ден күбөлүгү, сертификациясы бар адистерибиз бар.
--Бүгүнкү жыйын тууралуу айта кетсениз.
--Бул жыйындын максаты бийлике дагы жарандык коомго дагы өтө жакшы. Жергиликтүү элдин көйгөйлөрү көп учурда жетпей калат, жетсе дагы бурмаланып жетиши мүмкүн. Бүгүнкү жыйын ошого бир майдан түзүп берди. Бир топ модераторлордун, спикерлердин маалыматтарын уктук. Өкмөттүн минмстирлер кабинетинин төрагасы Эдиль Байсалов, жогорку кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева катышты.
Булак: NazarNews.kg