www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ханзаада Уильям иниси Гарри менен жубайы Меган Марклды Улуу Британияга кайтууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, падышалык үй-бүлө АКШдагы башаламандыктан улам Гарри менен Меган Марклдын коопсуздугуна тынчсызданууда.

Белгилей кетсек, 29-майдан тартып АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу каршылык акциялар башталган.

Маалым болгондой, ханзаада Гарри менен Меган Маркл каржы жагынан кыйналып жатышат. Себеби алар падышалык укуктардан ажыратылгандан кийин жетиштүү айлык акы төлөп берген, татыктуу жумуш таба алышкан эмес. Анын үстүнө кырдаалга коронавирус пандемиясы да таасир эткен.

Мындан улам, ханзаада Уильям кичүү инисине мурдагы жетиштүү, коопсуз жашоосуна келүү үчүн үйгө кайтууга чакырган.

Эске сала кетсек, жубайлар Лос-Анжелес шаарына Канададан март айынын соңунда көчүп кетишкен. Алар падышалык укуктардын баарынан баш тартышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости