www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан алты күн өткөндөн кийин, башкача айтканда, 5-июнда Фергана облусуна келди. Президенттин басма сөз кызматы Мирзиёев бул сапарында аймактагы текстил жана айыл чарба ишканаларына барып, IT жана кол өнөрчүлүк тармактарындагы долбоорлор менен таанышарын билдирген.

Жолугушуу учурунда: "Ар бир аймак топурагы, ресурстары, мүмкүнчүлүктөрү боюнча уникалдуу. Бүгүн биз Ферганага бул мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу, жумушчу орундарын түзүү, элге киреше алып келүү, ар бир район үчүн конкреттүү пландарды түзүп берүү үчүн келгенбиз. Канчалык жакшы эмгектенсек, жашоо ошончолук жакшы болот",- деди Шавкат Мирзиёев.

Буга чейин Мирзиёев чек арада чатак чыккан Сох анклавына да барары кабарланган. Бирок расмий билдирүүдө мындай сапар тууралуу сөз болгон жок.

Эске сала кетсек, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан чыр чыккан. Эки тарап бири-бирине таш ыргытканы кабарланган. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазган.

Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Шавкат Мирзиёев начал рабочую поездку в Фергану

Булак: NazarNews.kg

Последние новости