www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш жума күнү үч чех саясатчысына кол салуу болгону жатканы тууралуу Россиянын элчилигинин кызматкерлери жалган маалымат беришкенин, ошондуктан алар өлкөдөн чыгарыларын билдирди. Бабиш мындай калп маалыматтын таратылышын элчиликтин ичиндеги өз ара ыйкы-тыйкы мамиле менен түшүндүргөнүн чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Чехиядан чыгарыла турган орус дипломаттарынын аты-жөнү ачык айтылган жок. Москва бул окуяга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Өткөн айда чех маалымат каражаттары Праганын жетекчилерин ууландырууну көздөгөн болушу мүмкүн деген орусиялык дипломаттын ысымын аташкан. Анда Прагадагы «Россотрудничествонун» өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин милдетин аткарып келген Андрей Кончаков тууралуу сөз болгон.

Анын алдында «Респект» басылмасы өз булактарына таянып, орусиялык дипломат Прагага карантин киргизилгенче келип, өзү менен кошо уулуу рицин затын ала келгенин жазган. Ал чех баш калаасынын мэрин жана эки райондун акимин ууландырууга багытталган болушу мүмкүн экени да кабарланган. Ушундан улам аталган аткаминерлер кайтарууга алынган.

Россиянын элчилиги бул маалыматты четке кагып келген.

Мунун алдында Праганын жетекчилиги менен Россия Чехиянын борбор шаарында киши колдуу болгон орус оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун ысымынын аянтка берилишине, маршал Иван Коневдин эстелигинин алынышына байланыштуу кайым айтышып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости