www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз темир жолу” ишканасында мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

"Ишкананын жооптуу адамдары чарба субъектилери менен бирге жогору баада мамлекеттик сатып алууларды туруктуу түрдө уюштуруп келишкен. Ал чарба субъектилери келишимдин өлчөмүнүн 15 пайызын ишкананын мурдагы жетекчилигине берип турган.

Бул факты соттук өндүрүшкө алынып, соттук экспертиза жана Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгында, мамлекетке бир топ материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Учурда Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектелип 4 адам кармалган. Алардын арасында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын учурдагы жана мурдагы жооптуу адамдары, камсыз кылуучу компаниянын бир өкүлү бар", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости