www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Мага жашоо берген, ой-пикирими инсандарга жеткирүүнү насип кылган Жараткан Аллахка чексиз мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммед салоллоху-аллейхи саламга салаваттар болсун.

О, менин улутташтарым жана Мекендештерим!

Акыркы күндөрдөгү массалык маалымат каражаттарында көтөрүлүп жаткан ызы-чууларга, мага коюлуп жаткан айыптоолорго, кемсинтүүлөргө жана мактоолорго байланыштуу, эң оболу инсандык, андан кийин табыптык, илим изилдөөчү адам катары анча-мынча сөзүмдү айтууга мажбур болуп жатамын. Сөз башында эле айтайын:

Бизге кайрылган бейтаптын акчасы барбы-жокпу, мага доспу же душманбы, тууганбы же жатпы дарылай берем. Ушул сыпаттар медициналык жардам көрсөтүүнүн параметрине кирбейт.

Биз пациентке жана анын туугандарынын бейтаптын абалын түшүндүрүп, биздин дарылообуз өлүм менен бүтүп калса, доомат койбоосуна макулдугун алып клиникага жаткырабыз. Белгилеп кетким келет, менин башыма каралоо келгенге чейин макулдашуусу жок эле жаткырып дарылоо жүргүзгөнбүз.

Ал тургай пациенттердин өзү жана туугандары дарылоо иштерибизге кандай мамиле жасап жатканына көңүл бурбаптырбыз. Көрсө ак көңүлдүк менен боорукердикти да чектеп коюу зарыл экен. Менин кетирген каталыгым – ушул. Пациенттердин сакайып калуусун Аллахтан тилеп, алардын камы менен жашап, эртеңден кечке аларды дарылоо менен гана алек болуптурмун. Рак менен ооругандарды дарылоо өтө машакаттуу жана оор. Бул оор ишти ар кимдин түшүнүүгө акылы жете бербейт. Ошондуктан мага нараазы болуп, сындап жүргөндөргө айтаарым: өзүңөргө суроо бергиле. Бул ооруунун сырын, дарылоонун татаалдыгын жана азаптуулугун түшүнүүгө билимиңер жетеби? Силерде илим барбы рак оорусунун сырын түшүнүүгө? Силерге консультация берип, мага каршы кодулап жаткан врачтар, мага чейин эле дарылап, силердин туугандарыңарды оорудан арылтып койбойбу?

Рак оорусун дарылоонун технологиясы кылымдар бою, ал тургай азыр да иштелип чыга элек. Учурда Батыш өлкөлөрүндө миллиардаган доллар акча бөлүнөт рак ооруусун жеңүү үчүн. Миңдеген окумуштуулар бул маселе боюнча иш алып барууда. Али эч ким натыйжага жете элек.

Мактоолордун баары Аллахка болсун, Аллахтын каалоосу болуп, биз тараптан рак ооруусунун дарылоонун технологиясы иштелип чыгып, жүздөгөн адамдар рак дартынан арылып эл катары жашап жатышат. Аларды бизди колдоп маалымат жыйынына да келип беришти. Бирок алардын сөзүн бир да массалык маалымат каражаты чыгарган жок. Айыккан адамдардын телефонун, бизден айыккандан кийинки анализдерин берүүгө даярбыз.

Бул 30 жылдан ашуун илимий изилдоонун жемиши болду. Биздин ийгилик- жалпы кыргыздын же улуттун жетишкендиги катары кабыл алынса, улуттук дөөлөт болмок.

Аттиң ай! Андай болбоду! 4 жылдан бери врачтардын мага жасап жаткан көрө албастык менен ичи тардык мамилеси - келечекте көптөгөн адамдардын бул дарттан кутулуусуна барьер болуп калды. Биз көп жолу өзүбүз иштеп чыккан ракты дарылоонун технологияларын өркүндөтүү, өнүктүрүү жана эффективдүүлүгүн көтөрүү максатында көп жолу врачтар менен чогуу иштешкенге аракет кылдык. Биздин сунушту эч ким кабыл алган жок.

 Көрсө, алардын алган билими, тажрыйбасы Батыштын медицинасына негизделиптир. 4 жылдан бери врачтардын катасын оңдоп келем, өлүм алдында турган, оор ахывалдагы пациенттер Аллахтын каалоосу менен сакайып кетип, дарылаган врачына барып жолукса, анын кубанганын учуратпадым. Кайталап айтамын, врачтар пациенттердин сакайып кетүүсүнө кызыкпайт, аларга көз каранды болуусун каалайт. Ушул преамбула илимий медицинанын өзөгүн түзөт.

Менин замандашым! Калган жагын өзүң түшүн! Эл арасында кээ бирлери врачтарга кошулуп, мага таш ыргытып жатат. Мен түшүнүп турамын: биздин технология клиникалык практикага кирсе, врачтар кирешеси кемийит. Алардын иш ыкмаларына шектенүү пайда болот.

Жумурай-журт!

Биздин кылып жаткан ишибиз врачтарга пайдасы жок, силерге пайда. Пайдасын элибиз көрөт! Мен болгону бул иштен Аллахтын ыраазылыгын табуу.

Журналистер! Мен Силерди жараткан Аллахтан коркууга, инсап менен ыйманга келүүгө чакырамын. Менин түшүнүгүмдө журналистин ишинде объективдүүлүк, адилеттүүлүккө басым жасалып, берилүүчү информация же субъект эки жана ар тараптуу болуусу шарт эле го. А силерчи? Парасат салгыла эмне кылып жатасынар! Силердин ниетиңер мени каматуу же өлтүрүп жок кылуубу.

Түз эле айтайын! Жараткан Аллах маңдайыма эмнени жазган болсо, ошону көрөмүн. Элде макал бар: «Ит үрө берет, кербен жүрө берет». Өз ишими жасап келгемин, мындан ары да жасай беремин. Урматтуу журналистер! Силер ушунчалык пас ахвалга жеттиңерби же силер акчанын кулу болуп калдыңарбы? Эгерде Силерде бир тамчылык инсап-ыйман болсо, силер азап чеккен адамдын тагдыры ойлонтсо, элге кызмат кыламын десенер коомдо резонанс, ал тургай дүйнө жүзүнө резонанс кыламын десеңер, бизде силерге материал бар. Азап чеккен адамдын үнүн бийликке, коомчулукка жеткиремин десенер келгиле – бизде материал бар.

Мен 4 жылдан бери врачтардын дарылоодогу катасын ондоо менен алекмин. Алхамдулилла! Мен ката кетирсем – алар ондой албайт. Силер жок эле дегенде 1 жолу менден келип сурадынарбы? Илимий медицинанын дарылоодогу катачылыгынан миндеген эмес, миллиондогон адамдар каза болот.

Онкологиялык борбор миңдеген бейтаптарды туура эмес дарылоо жүргүзөт, убакыт өтүп көбү каза болот. Врачтары бейтаптын чөнтөгүн кагып алат. Силер аны көрбөйсүңөр. Себеби, ал жактан түшкон заказ жок.

Акыркы күндөрдө Саламаттык сактоо Министрлиги менин 3 айлык тапкан кирешеми 15000 долларга тенеп сотко бериптир. Өзүңөр ойлонуп көргүлө! Менин кирешемди эмненин негизинде, кантип эсептеди. Министирликтин укугуна киреби? Мени текшерүүдөн көрө, онкологиялык борбордон врачтары бюджеттин эсебинен берилүүчү дары-дармектерди, анын ичинде химиялык уколдорду сатып, канча киреше таап жатканын эсептеп, карапайым калктын укугун коргоп койбойбу?

Врачтар өздөрү жазган рецепт аркылуу 20-25% чейин ар бир дары-дармектен киреше табат. Эмнеге аны Саламаттык сактоо Министрлиги көрбөй жатабы? Бир да хирург операцияны бекер жасабайт, алар канча салык төлөдү? Канчасын жашырып жатат? Элди талап-тоногон врачтардын алкымын тыйып койсо болбойт беле.

Урматтуу Саламаттык сактоо министри жана Министрликтин кызматкерлери!

Силер бейтаптарга жан кейитип, бооруңар оорубайбы? Учурдан пайдаланып Министр Батыралиевге береээр суроом бар. Сиз Түркияда иштеп жүргөндө Европанын эн мыкты кардиологу деген наамга жеткен экенсиз. Клиникалык практикаңызда бейтаптарды инфарктан арылкан, кардиограмма аркылуу тастыкталган, мурдагы ахвалга жеткирген, жүрөктү шунтированиялык операция жасоо зарылчылыгынан куткарган, жүрөктүн клапандарына протез коюудан сактап калган ишиңиз барбы?

Мактоолордун баары Аллахка болсун! Жүрөк ооруларын дарылоо боюнча ийгиликтүү иштерди 6 жылдан бери жасап келүүдөбүз. Сизге ошол ийгиликтерди далилдеп берүүгө даярбыз. Элибиздин ден соолугу, Жараткандын ыраазычылыгы үчүн эмнеге чогуу иштешкенге болбосун. Элге таанымал журналист Б. Бекешевдин Инфаркт алгандан кийин бизден айыгып чыкканы буга далил.   

Кадырлуу кыргыз эли!

Жараткан Аллахтын каалоосу менен 30 жылдык Илимий-изилдоо иштеринин жыйынтыгында онкологиянын, кардиологиянын, нефрологиянын, эндикринологиянын, иммунологиянын, гастроэнтерологиянын, урологиянын, лимфалогиянын жана жалпы терапиянын Альтернативдик медицинасын иштеп чыктык.

Ичээр суум түгөнгөнгө чейин адамдарды дарылай беремин. Алла баарыбызга ыйман, сабыр, топуктуулук берсин!

Хашим Зайналиев, Хоспис жана поллиативдик борбордун жетекчиси, элдик табып

Булак: NazarNews.kg

Последние новости