www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Бакиров менен Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү жеке менчик лабораториялардын аталыштарын туура эмес айтып жатышты.

Бакиров министрден Кыргызстанда кайсы жеке менчик лабораторияларда ПЧР-анализ тапшырса болорун сураган.

Министр 4 жеке менчик лабораторияга уруксат берилгенин айтты.

«Алар «Бонецкий», «Акваварк» (туурасы «Аква Лаб»), «Евроланг» (туурасы «Евро Лаб»)», - деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, көптөгөн лабораториялар ПЧР-анализ алууга уруксат берүүнү каалашат. Бирок ал жактарда санитардык шарттар жок болгону үчүн уруксат беришпейт.

«Мисалы «Хуйман» (туурасы «Хьюман») дегени бар. Туурабы?», - деп суроо салды Бакиров.

«Гуман» жана башкаларга ПЧР-анализ алууга уруксат бербейбиз», - деп жооп берди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости