www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министри  Купешев «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыктын талаптарын, мектеп окуучуларынын жана жаштардын Руханий-адеп-ахлактык жактан өнүгүү жана дене тарбия концепциясын ишке ашыруу алкагында билим берүү стандарттары кайрадан каралып жатканын, заманбап талаптарды эске алуу менен этика, эстетика, дене тарбия жана мектепке чейинки жаштагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди тарбиялоо боюнча предметтер киргизилгенин маалымдады.

«Жалпысынан билим берүү системасынын деңгээлин жана ага болгон элдин ишенимин жогорулатуу өтө маанилүү. Ошондой эле негизги баалуулуктарды, руханий көрсөтмөлөрдү жана ишенимдерди калыптандыруу үчүн жогорку адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоонун принциптерин жана жолдорун ачууга жардам бере турган руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл», — дейт Жапаров.

Эскерте кетсек, жолугушуунун жыйынтыгында президент Билим берүү жана илим министрине Кыргызстандагы илим жана билим берүү чөйрөсүн мындан ары өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости