www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште «алтын тамыр, күчала, кийик от» чөптөрүн медицинада колдонуу маселеси көтөрүлдү. Депутат Аккулу Бердиев тоодо өскөн чөптөрдү Кыргызстандын дарысы катары чыгаруу сунушун саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге берди.
«Бизде альтернативдүү дары чөптөр бар. Мисалы, «алтын тамыр» деген кан басымды түшүрөт, «кийик от» ашказанды майлайт, «күчала» деген бел кубатты күчөтөт, «уу коргошунду» өзүңүз ичип бир топ сөз болду. Ушуларды окумуштууларга тапшырып, каалоочулар үчүн альтернативдүү дары кылдырбайсызбы?», - деди Бердиев.
Министр чөп-чар менен дарылаган элдик дарыгерлердин ишин мыйзамдаштыруу үчүн документ даярдалып жатканын, жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке киргизилерин билдирди.
Буга чейин Бейшеналиев коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин билдирген. Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерге дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.
Уу коргошун менен дарылоо илим чөйрөсүнүн сынына кабылган. Парламентте министр Бейшеналиевди кызматтан алуу демилгеси көтөрүлүп, ал ишке ашкан эмес.
Министр уу коргошунду лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканын, бирок корутунду алуу максатында илимпоздорго жөнөтүлгөнүн билдирген.
Булак: NazarNews.kg