www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын КЭДР менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча чараларды көрүүгө буйрук бергенин “Корея үнү” радиосу билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы мындай буйрукту 20-сентябрда өткөн сегизинчи чакырылыштагы ГРК Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун XVI отурумуна катышып жатып берген.

“Ким Чен Ын салттуу корей-орус кошуналыгын жана кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого, эки тараптуу мамилелерди бардык тармактарда активдештирүү жана аларды жаңы баскычка чыгарууга багытталган жигердүү конструктивдүү чараларды көрүүнү буйруду”,-деп айтылат радиодо.

Буга чейин КЭДР лидери Россияга барган, бул 2019-жылдан бери биринчи жолу болду. 12-сентябрда анын атайын поезди Россиянын чек арадагы Хасан станциясына жетип, андан соң Амур облусуна жөнөп, Ким Чен Ын "Восточный" космодромунда Путин менен жолугушкан.

16-сентябрда Ким Чен Ын Приморьеге келди. Анда Россиянын Коргоо министрлигинин башчысы Сергей Шойгу аны Россиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн заманбап учактары менен тааныштырып, МиГ-31 ракета алып жүрүүчүсүндө орусиялык “Кинжал” ракеталык системасын тааныштырды. 17-сентябрда Ким Чен Ын Ыраакы Чыгыш федералдык университетине барды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Ким Чен Ындын Россияга сапары абдан жакшы болгонун билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн президенти Владимир Путин менен болгон айрым иш-чаралар конструктивдүү болгон. Песков тараптар бардык мүмкүн болгон тармактарда карым-катнаштарды өнүктүрүү боюнча макулдашканын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости