www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун Селекция айылында 20-сентябрда 36 жаштагы келинди бычактап кармалган А.Э. аттуу жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бирок соттордун кенебестик, жоопкерчиликсиздигинен улам татыктуу жазасын алган эмес. 

Биринчи кылмыш иши былтыр 19-октябрда Сокулук райондук сотунда каралып, кыскарган. Буга жабырлануучунун тосмо арыз бергени жана сот отурумунда тараптар элдешкени себеп болгон.

Экинчи кылмыш иши да Сокулук райондук сотунда каралып, айыпталуучу беш жылга абакка кесилген. Сот шектүүнүн улгайган, көзү азиз апасын карай турган эч кимиси жоктугун, айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экенин эске алып, үч жыл пробациялык мөөнөт берген.

Жабырлануучу тарап бул чечимге макул болбой, Чүй облустук сотуна арызданып, соттук иш 27-сентябрга белгиленген экен.

Мына ушул жагдай байланыштуу, башкача айтканда соттордун шалаакы, жоопкерчиликсиз чечиминен улам, азыркыдай оор абалга кириптер болгон келиндин иши боюнча Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков  кеңешме өткөрдү.

Натыйжада, кылмышкерди пробация менен чыгарган соттун аракеттерине өзгөчө катуу баа бериле турганы айтылды. 

Бүгүнкү күндө бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Ал эми жабыркаган келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов билдирди. Келинге дагы 3 операция жасалыш керектигин апасы айтып чыкты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости