www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон АКШ президентинин Түндүк Кореядагы режимди алмаштыруу коркунучуна жооп кайтарды. Байден - келечеги жок кары адам, деди ал. Бул тууралуу Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги билдирди.
Америкалык лидер Түштүк Кореянын президенти менен жолугушуудан кийин Пхеньяндын Сеулга гипотетикалык өзөктүк соккусу тууралуу айтып, Америка Кошмо Штаттары аларды кыйынчылыкта калтырбайт, ал тургай алардан же алардын аймактагы башка союздаштарынан өч аларына ишендирди. Анын пикиринде Түштүк Кореяга Түндүк кореялыктар кол салып жаткан имиш.
Ошол эле учурда, Байден белгилегендей, АКШ Корей жарым аралында өзөктүк куралын жайгаштырууну пландабайт.
Булак: NazarNews.kg