www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогору Кеңешке "Альянс" партиясынан ат салышып, ортодон Жанар Акаевдин ордуна депутат болуп отуруп кала жаздаган Токтобубу Оргалча эсиңиздердеби? Учурда, бир орун бошосо эле депутат болом деп шымаланып даяр... 

Мына ушул Токтобүбү айым президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын атын жамынып, мыйзамды айланып өткөн көз будамайлаган иштерге көп аралашып жатканы айтылып келет. 

Мына ошондон уламбы, же мыйзам бул айым үчүн түккө турбайбы, айтор анын өзүм билемдик жоруктары, ал аз келгенсип миллиондогон сом салык төлөбөгөн тоготпостугу коомчулуктун көзүн өйкөгөн тирсек болду. 

Алсак, анын Ошто жайыттын жерине Бажы терминалын куруп, иштетип жатканы кандай? Ошондой эле, Токтобубу Оргалча айым негиздеген учурда  Ош облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан  «Азия ТНК» ЖЧКсы мамлекетке 1 миллион 975 миң сом салык боюнча ири карызы бар экен. Амалкөйлүк кылып, ЖЧКнын юридикалык дарегин алмаштырып койсо эле, мамлекетке салык төлөбөй калам деп ойлойбу? 

"АЗИЯ ТНК" ЖЧКсынан сырткары, Токтобубу Оргалча айым  негиздеген «Топформ Кейджи» (Свердлов району) ЖЧКсы 1-апрелге карата мамлекетке 3 миллион 410 миң сом салык боюнча ири карызы бар экени, ошондой эле дагы бир "МегаКомпани" ЖЧКсы да мамлекетке  663 миң сом салык боюнча карызы бар экендиги Салык кызматынын сайтында ачык булак катары жарыяланып турат.

Токтобүбү Оргалча айымга тиешелүү бул ири карызы бар ЖЧКларды учурда анын күйөөсү Нурсланбек Балтабаев жетектеп келет.

Ал эми сайтта аталган ЖЧКлардын директору катары көрсөтүлгөн Руслан Бечелов бул кызматтан алынган. ЖЧКларга учурда тиешеси жок экени тиешелүү органдарга белгилүү дешет. 

Азыркы кездеги Токтобубу айымга  таандык делген "МегаКомпани" ЖЧКсы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагына караштуу Каратай айылында Жайыт комитетинин жер участогуна мыйзамсыз түрдө капиталдык курулуш куруп, аны Бажы терминалы катары пайдаланып жатат. 

КРнын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Бажы кызматынын төрагасы  Самат Исабеков жайыт катары пайдаланууга берилген аймакка Бажы терминалын куруу мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, бул маселеге көңүл буруп, чара көрүшү милдет.

Жайыттын жерине эч кандай курулуш курууга, унаа токтотуучу жайга айландырууга жана жүк сактоочу жай катары пайдаланууга мыйзам жол бербейт.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Жантаев Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы жана Жайыт комитетинин төрагасынын  мындай мыйзамсыз териштирип жоопкерчилик маселесин карашы зарыл.

Деги эле, тиешелүү мамлекеттик кызматтар мындай мыйзамсыз иштерге көңул буруп, мыйзам бузган тараптарды жоопкерчиликке тартышы милдет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости