www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт Кыргызстандын айрым категориядагы жарандарына акысыз ID-паспортторду берүүнү көздөп жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга жарыяланды.
Документке ылайык, Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы 1-майдан 31-августка чейин ID карталарын - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун (ID-card) акысыз берүү боюнча улуттук кампания өткөрүшү керек.
Төмөнкү категориядагы адамдарга берилет:
мамлекет тарабынан толук камсыздалган жана балдар үйүндө жашаган 16 жаштагы балдар;
эки ата-энеси тең каза болгон 18 жашка чейинки жетимдер (толук жетимдер);
мамлекет тарабынан толук колдоого алынган жана балдар үйүндө жашаган бардык топтогу майыптар;
70 жашка чыккан пенсионерлер, анын ичинде мамлекет тарабынан толук камсыз болгон жана карылар үйүндө жашаган улгайган жарандар;
Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуясынын катышуучулары.
Мамлекеттик катоо кызматы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Экономика жана Каржы министрлигине улуттук кампаниянын жүрүшүндө келтирилген финансылык чыгымдар жөнүндө отчет берет.
Белгилей кетсек, учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча жарандарды 2017-жылдагы үлгүдөгү идентификациялык карталар (eID-карталар) менен документтештирүү 470-530 сомду түзөт.
Булак: NazarNews.kg