www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев Токтогул суу сактагычындагы абал боюнча Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевге кайрылды.

"Суу сактагычта суу күн сайын азайып бара жатат. Суунун көлөмү 8 миллиард кубга жакындап, коркунучтуу чегине жетип калды. Бул боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?", - деди Тиллаев.

"Суунун деңгээли коркунучтуу чегине жетип калганын айтканбыз. Бул маселени чечүү үчүн сырттан 1 миллиард киловатт электр энергиясын сырттан алып келишибиз керек. Буга байланыштуу Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдерге кол коюлуп, 1-марттан тарта электр энергиясы аталган өлкөлөрдөн алынып келинип жатат. Бүгүнкү күнгө чейинкиси 120 миллион киловатт болду. Мындан сырткары Бишкек ЖЭБинде өндүрүлгөн энергияны кеминде 1 миллиар киловаттка жеткиришибиз керек. Үчүнчү кадам ички керектөөнү азайтышыбыз керек. Кандай жол менен азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Турдубаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости