www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чай кайнам

Журналисттик сапарда жүрүп, кылым залкарларынын, медицина тармагындагы өмүр сакчылардын, эли-жерине кызматын аябаган ишкерлердин ишмердүүлүгү туурасында чагылдырып келе жатабыз. Кесипкөйлүк изденүүнү талап кылат экен. Ошол катарда кесиптештерим менен баарлашуу мен үчүн кызык эле. Анда эмесе, журналист жөнүндө бир чайнам убакытта кайсы тарабын ачып бере алар экен, окурманым.

5-каналдын көркөм жетекчиси, "Статус" теледолбоорунун автору, кинорежиссёр Руслан Машрапов:

"Кыргыз үчүн сөздүн орду бийик болгон..."

- Адам баласынын макулуктан айырмасы анын тилинде, сөзүндө. Сөз көөнөргүс дөөлөт эмеспи. Алгачкы сөздү ушундан баштасакпы деп турам...

- Өткөн тарыхы, дүйнө таанымы, жашоо философиясы да сөз менен сакталып, сөз менен жасалган кыргыз улуту үчүн сөздүн маани-маңызы, орду бийик болгон. Дүйнөнүн жаралышы жөнүндө жазылган улуу китептерде айтылат эмеспи, эң биринчи, эң алгач сөз болгон деп. Муну кыргыз эрте эле түшүнүп алган болуш керек. Тилекке каршы, акыркы убакта биз, кыргыздар, сөзгө маани бербей калгандайбыз. Бул бир аз өкүнүчтүү.

- "Статус" автордук теледолбоорунун тарыхына токтоло кетсеңиз, ачылыш себеби эмнеде?

- Кесибим кинорежиссер болсо дагы телевидение, теле журналисттер менен эриш-аркак иштеп жүргөнүмө баш-аягы жыйырма жылдан ашык убакыт өтүптүр. "Статус" автордук көрсөтүүнү ачкандын бир себеби да ошол.

Негизгиси коом арасында кылган иши менен өз орду, өз ою бар ар кандай кесиптин ээлери, саясат, бизнес, маданият, илим, билим, адабият, журналистика чөйрөсүндөгү адамдар менен эркин баарлашуу, өткөнгө саресеп салып, келечекти болгоо, бүгүнкү айтылган сөздөрү, ойлору, көз караш, көйгөйлөрү менен тарыхта өткөн убакка келечекте баа берүүгө болот го деген максатты көздөө.

- Кемчиликсиз адам болбойт. Кандай кемчиликтериниз бар?

- Адам кемчиликсиз болбойт, болуусу да мүмкүн эмес. Ал идеалдуу болгон күнү адамдыктан калып кетмек. Менин кемчиликтерим көп. Мен аны жаап жашырган күндө деле жакын адамдар аны эртеби-кечпи билип алышат да. Кеп анда деле эмес, кеп ошол кемчилигиме карабай ошол адам жакын бойдон калабы же жокпу же тескерисинче мен ошол адамды кемчилигине карабай жакын алып жүрө аламбы.

Менимче, кеп ошондо. Өзүмө жакпаган кемчилигиктерим ишенчээктигим, мүмкүнчүлүгүмө карабай жок дебей милдеттеме алып алгандыгым, бир нерсеге убагында көңүл бурбагандыгым, эмоциямды жашыра албагандыгым, айтор, санай берсек абдан көп. Бирок жакшы жагым да жок эмес, үмүттү үзбөгөндүк, кеч болсо да айтканымды аткарууга аракет кылганым.

-  Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырсак бүгүнкүгө чыккынчылык кылган сыяктуу болобуз. Бир иштин аягына чыгасызбы?

- Убагында бүтпөй калган жумушту ыңгайы келсе сөзсүз бүтүрөм. Бул дагы менин мактана алчу жакшы жагымдын бири деп ойлойм.

- Өжөрлүк чечкиндүүлүк түн шериги деп коюшат. Өжөрсүзбү?

-  Өжөрлүк менен көк беттиктин айырмасы чоң болгон үчүн өжөрлүк жакшы сапат деп ойлойм. Кээ бир нерседе өжөрлүккө салууга аракет кылам. Демек, өжөрмүн десем болот.

- Адамдын кандай экени окуган китебинен билинет. Кайсы жанрдагы китептерге кызыгасыз?

- Акыркы окуган китебим Курандын кыргызча түшүндүрмөсү жана Мухаммед пайгамбардын өмүр баяны болду. Негизи эле ар кандай жанрдагы, багыттагы китептерди окууга аракет кылам. Ал көркөм чыгарма, илимий изилдөө, даректүү публицистика укуктук же кесиптик багытта да болушу мүмкүн.

- Кыргыз элинин улуу мурасы катары эмнелерди айта аласыз?

- Кыргыздын улуу мурасы көп. Ата-бабалардан калган негизги мурастарыбыздын бир нечеси бул биз азыр жашап жаткан жер жана үй-бүлө жана анын түзүлүш институту. Башка да мурастарыбыз көп, менимче бул эки нерсени сактап калуу жана ага көңүл буруу биз үчүн өтө маанилүү деп ойлойм.

- Ушул тапта өлкөбүзгө аба менен суудай керек болуп турган нерсе эмнелер?

-  Өлкөбүзгө азыр аба менен суудай керек болуп турган нерселер азыр жоопкерчилик жана адилеттик. Эмне үчүн экенин айтсам абдан көп сөз керек. Бул эки нерсе жөнүндө өз алдынча жакшылап ойлонгон адамга эмне үчүн экени түшүнүктүү болот деп үмүт кылам.

- Коомдогу коркунуч кайсы? Атагы унутта бараткан профессионал талантпы же тез эле атактуулукка умтулган халтурщикпи?

- Коомду коркунучка кептеген көп нерсе бар. Ал унутта калган профессионал талант да, уят-сыйытты билбеген бакырчаак да болушу мүмкүн. Андан да жаманы -  кайдыгерлик. Коомду коркунучка алып келген бардык нерсенин баары бул убагында көңүл бурулбаган кайдыгерликтин туундусу деп ойлойм.

- Соңку суроону кесиптештер туурасында узатайын, окурмандарга каарманды таанытууда эмнелерди унутта калтырдык же эмнелерди аша чаап баратабыз?

-  Каарманды окурманга, көрөрманга же угарманга тааныштыруу жана аны эсинде калтыруу оңой жумуш болбогон үчүн журналист, режиссер, жазуучу же сүрөтчү деген атайын окутулчу кесиптер пайда болсо керек. Жеткиликтүү айтпай калуу жакшы билбегендик, аша чаап айтуу мактап салуу болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да биз сөз башында айткандай идеалдуу эч нерсе болуусу мүмкүн эмес.

Албетте, мактоолор жалгыз гана Жаратканга. Биз пенде болуп жаралган соң ишибизде, айткан сөзүбүздө, дегеле жашообуздагы анча-мынча кемчиликтер менен аша чабуулар кечиримдүү болот деп ойлойм. Жергебизде тынчтык, элибиз кең пейил болсун!

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости