www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунда тыюу салынган экстремисттик уюмдун материалдарын таратып жүргөн 26 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады. 

Ага ылайык, кармалган Р. уулу Х. өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун видео жана аудио жазууларын сактап, таркатып жүргөн. Бул материалдарга атайын экспертиза жүргүзүлгөн.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости