www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт 11 миң мамлекеттик кызматкерди жумуштан кетирет

Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев президенттин «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жарлыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, аталган жарлык мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмүн кыскартуу боюнча алып барылып жаткан иштин экинчи этабы болуп саналат. Өкмөттүн түзүмү өзгөртүлүп, министрлик, мекемелер кыскарганы менен, ал жакта иштеген кызматкерлердин саны көп өзгөргөн эмес.

«Эми мамлекеттик кызматкерлердин санын 30%га чейин кыскартуу милдети турат. Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, акыркы 25 жыл аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп келген. 1995-жылы 26 миң 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы алардын саны 30 миң 743кө, 2020-жылы 34 миң 860ка чейин көбөйгөн», — дейт ал.

Көп каражат талап кылынгандыктан мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көбөйтүүгө мүмкүн болгон эмес. Эми алдыдагы кыскартуулардан кийин үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшалат.

«Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30%га же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 млрд сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана болот. Анткени, Эмгек кодексине ылайык, үстүбүздөгү жылы кыскартылган кызматкерлерге 3 айлык эмгек акысын жөлөк пул катары төлөп беришибиз керек», — дейт Касымалиев.

Белгилей кетсек, аталган жарлыкка президент 29-июнда кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости