www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин кириллицадан латын тамгасына өтүү тууралуу Жогорку Кеңеште айткан сунушу коомчулуктун сынына кабылды. Учурда эки ача пикирлердин аягы сууй элек.
Арийне, көпчүлүк депутаттар бир нерсени айтаарда, демилге көтөрүп, сунуш киргизээрде жети өлчөп бир кесип иш кылышы зарыл экенин унутпашы кажет. Антпесе залакасы тийип калышы мүмкүн.
Мына Токтошевдин кириллицадан латын тамгасына өтүү тууралуу парламентте ойлонбостон сүйлөгөн сөзү, аны Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевдин саясий чечим кабыл алынса колдой турган маселе экенин билдирген соң, Россия дароо реакция жасап, Кыргызстандын сүт продукциясын экспорттоого болбогон шылтоо менен тыюу салып салды. Албетте, бул түшүнгөн адамга жөн гана эскертүү кадамы болду. Мунун артында чындап келсе, мындан дагы катуу чара көрүлөт деген ишарат жатат.
Ошол себептен Президент Садыр Жапаров дароо реакция жасап, Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевди чакырып, кириллицадан латын тамгасына өтүүгө эч кандай негиз жоктугун белгилеп, катуу сөгүш берүүгө аргасыз болду.
Чынында, демилге, сунуш айтаардан мурда, ошол маселенин күнгөй-тескейи анализге алыныш керек. Уктап туруп эле популисттик кылып балп эткен жарабайт. Анын кесепти жалпы коомго, өлкөгө таасир этиши ыктымал. Ошондуктан, билинбеген нюанстарды эске алуу зарыл.
Ырасында, кириллицадан латын тамгасына өтүүгө муктаждык барбы деген суроо туулат? Мына ушул маселе терең талданып, латын алфавитине өтсөк эмне өзгөрөт, кандай жетишкендик болот, пайдасы эмне, кемчилик, артыкчылыгы кайсы деген суроолордун жообу болууга тийиш эле. Башкача айтканда, муктаждыктын себептери айныгыс факторлор менен бекемделип, кириллицанын мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, деги эле өлкөнүн өнүгүүсүнө эмне зыян, тоскоолдук жаратып жатканы күмөн санатпагандай аргументке негизделиш керек болчу. Андайдын бири жок.
Тилекке каршы, ынанымдуу эч бир негиздемеси жок эле, "түрк тилдүү коңшулардын баарысы латын тамгасына өтүп кетишти, биз эле калдык" деген көз караш, логикага таянып, курулай добулбас кага бергенден майнап чыкпайт. Кириллицадан латын тамгасына өтсөк эле, Россияга болгон саясий-экономикалык көз каранды абалдан кутулуп, өз алдыбызча оожалып кетебиз деген түшүнүк абсурд. Себеп дегенде, тамганы алмаштыргандан экономикабыз өсүп, элдин курсагы тоюп, өлкөбүз гүлдөп кетпейт. Тилди, өлкөнү өнүктүрүү тамгадан көз каранды эмес. Туура саясаттан, туура мамиледен, билимден көз каранды...
Балким, латын тамгасына келечекте өтүүгө туура келээр. Бирок азыр эмес. Экономикабыз тукулжурап турганда ашыкча түйшүк жаратуунун зарылчылыгын көрбөй турам. Анын үстүнө саясий-экономикалык жактан Кремлдин көзүн карап турган учурда, бул маселе актуалдуу эмес. Зыянын гана тийгизбесе, пайда келтирбейт. Коңшулардын баары өтүп биз эле калдык деп кокуйлаштын да анчейин мааниси жок. Ушунчалык эле өткүбүз келип, тектеш элдерден обочолонуп калбайбы деген келечекке болгон тынчсыздануу, кооптуулуктун элементтери бар болсо, этап-этап менен баардык шарт-талап, кырдаал эске алынып, акырындап ишке ашышы керек. Бирок азыркы учурдагы абал анчейин ыңгайлуу эмес.
Мына эгемендүүлүк алган жылдардын башында эле латын тамгасына өткөн Түркмөнстан, Өзбекстан азыркыга чейин кыйналып жатышат. Казакстан 2017-жылы Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен латын алфавитин кабыл алышканына туура 6 жыл болот. Бирок көптөгөн мүчүлүштүктөрдүн айынан бүгүнкү күнгө чейин тамганы алмаштырууга багытталган реформасы ишке ашпай жатат.
Натыйжада, азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен 2026-жылы толук латын алфавитине өтөбүз деген планын 2031-жылга чейин жылдырып салды. Анткени, маселе көп. Казактардын кириллицадан турган 42 тамгасын, 25 гана тамгадан турган латын алфавитине ооштуруу оңой-олтоң иш эмес. Ортодо канча тамга, тыбыш жоголуп жатат. Алардын ордун толуктап, орфографияны жазуу эрежесин кайрадан иштеп чыгуу керек. Экинчиден, кийинки муун кириллица менен жазылган илимий, көркөм, маданий эмгектерди окуй албай калышат. Бүтүндөй СССРдин доорунда топтолгон мурастар жокко чыгат. Болбосо, аларды латын тамгасынан түзүлгөн алфавитке негиздеп көчүрүп жазууга эбегейсиз каражат, эмгек жумшалат. Бул процесс канча жылды камтыйт, канча каражат сарпталат айтуу кыйын. А балким ошол бойдон кароосуз калып калсачы?
Бизде дагы дал ушундай көйгөй жаралат. Биздин өлкөнүн финансылык, экономикалык мүмкүнчүлүк жетеби? Бул өтө чоң түмөн түйшүк, көйгөй... Ошол кириллица менен 80 жылдан бери чыгып келе жаткан көркөм адабий мурастарды, илимий, техникалык, медициналык, тарыхый эмгектерди кайра латын алфавити менен жазып, которуп басыш үчүн эбегейсиз каражат керек. Буга мамлекеттин чач-кирпиги чак келбейт. Баары архивке кетет. Кийинки келечек муун өткөн тарыхый, маданий, адабий, илимий баалуу мурастарыбыз менен тааныша албай, окуй алышпай даана сабатсыз болушат. Билим берүү тармагын окуу куралдары менен камсыз кылууга эле канчалаган каражат сарпталып, эмне деген эмгек, убакыт сарпталат? Баары жолго коюлган, системага салынган азыркы учурда, окуу китептери менен мектептерди толук камсыздоого чамабыз жетпей, оңдуу билим бере албай эсибиз ооп жатат, анан баарын кайра нөлдөн баштаганда эле гүлдөтүп жиберебизби? Кичине реалдуу ой-жүгүртүп иш кылбайлыбы?
Кыскасы, төшөккө карап бут сунуп, мурдубузга карап бышкырган оң. Жөн эле ар кимди туурап элире бергенден эч нерсе утпайбыз. Анын үстүнө ар кимди туурап, улам эле алфавитти өзгөртө берсек, тилибиз өнүкпөйт.
Мына алфавитти өзгөртө бергендин кесепетинен, бир кездери араб, латын тамагысы менен чыккан эчендеген баалуу материалдарды азыркы муун окуй албай калдык.
Арийне, ал кезде жалпы калк туташ сабатсыз эле. Көбү окуганды билчү эмес. Кыргыздын илимий-өндүрүштүк, медициналык, техникалык, тарыхый, көркөм адабий мурастары азыркыдай өнүгө элек болчу. Аралык болгону 20 жылды камтыйт. Мына ушул аралыкта эле жарык көргөн мурастарды илимий изилдөө жүргүзгөн санаалуу эле адис-окумуштуулар таанышып окуй албаса, көпчүлүк карапайым эл көргөн да эмес. Жатат архивдерде чаң басып...
Анан жалпы калктын кат-сабаты кириллица менен жоюлуп, дээрлик бир кылымга жакын кириллица менен жазылып, ар тамактан топтолгон баалуу эмгектерди латын алфавитине өтсөк, келечек муун кантип окуйт? Саясий жагын эле ойлой бербей, бул жагын да эске алуу керек....
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg