www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын тургуну эки аял алганы аныкталып, анын камала турганы айтылууда. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Териштирүү борборунда 48 жаштагы аскер кызматкери Джейсон Хейтер болгон. Анын эки никеден беш баласы бар экени билинген. Бир үй-бүлөсү Улуу Британияда, экинчиси Хейтер аскердик кызматка жөнөтүлгөн Германияда жашаган. Атасынын калпын кыздардын бири ачкан. Ал социалдык тармактардан атасынын экинчи аялын таап, ага жазган.
Натыйжада анын эки жубайы чогуу сотко кайрылышкан. Сот отурумунда Хейтердин үч жолу үйлөнгөнү белгилүү болгон. Ал 2010-жылы биринчи аялы кош бойлуу кезде ажырашып, 2014-жылы Трейси Ларкомбго үйлөнгөн. Хейтер аялынын фамилиясын алып, аны менен Германияга кетип, 2015-жылы кыздуу болушкан.
2016-жылы Хейтер менен Ларкомбдун мамилеси начарлап кеткен. Мындан улам Хейтер Германиядагы үй-бүлөсүн таштап, жубайына кыскача кат жазып кетип калган. Ал балдарына алимент төлөгөн эмес, жада калса анын карызын доолап келгендердин маселесин Ларкомб чечүүгө аргасыз болгон.
Ларкомбка үйлөнгөн жылы Хейтер Интернеттен Сара Хейтер менен таанышып калган. Алар Хейтер Улуу Британияга барып калганда жолугуп турушкан. Жубайлар 2014-жылы уулдуу болушуп, 2016-жылы баш кошушкан. 2018-жылы Сара Хейтер эгиз төрөп берген.
Сара Хейтер да, Трейси Ларкомб да күйөөсүнүн эки жубайы бар деп шек санашкан эмес, бирок чындык ачыкка чыккандан кийин экөө тең ал менен эч кандай байланышта болгусу келбей турганын айтышкан. Жакында инсульттан улам сотко майыптар арабасында келген Хейтердин өзү күнөөсүн мойнуна алды. Ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Эркектин адвокаты анын кардары документтерди бурмалаганын жана Ларкомб менен болгон мамилеси расмий түрдө аяктагандан кийин жаңы никеге тургандыктан, жеңил жаза берүүнү суранган.
Булак: NazarNews.kg