www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат министрге:

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов канча кичи ГЭС майнинг иштерине байланыштуу экенине кызыкты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев майнинг Рысалиев кичи ГЭСине гана тиешелүү деп жооп берди.

Анын айтымында, 30 МВт керектеп, электр энергиясын “Быстровка” подстанциясынан алган майнинг-компания бар. Бул компания энергияны Алматыдан алып келип, электр энергиясын өткөрүү үчүн төлөйт.

Айжигитов белгилегендей, энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал учурунда майнинг иштерин толугу менен таштоого болот, анткени электр энергиясын туруштук бере албаган линиялар аркылуу берүү да бүт системага зыян келтирет.

"Майнинг бизден электр энергиясын такыр албайт. Транзит боюнча эч кандай маселе жок. Токтогул ГЭСинен өндүрүлгөн бир да киловатт энергияны алышпайт. Мыйзамды кабыл алдыңар. Алар мыйзамдын негизинде иштешет", - деп жооп берди Ибраев.

"Алардын өлкөбүзгө кандай пайдасы бар? Тапканына салыштырмалуу салык өтө эле аз. Эмнеге биз аларга байланып калдык?" – деп ачууланды Айжигитов.

“Электр энергиясын өндүрүүдө өзгөчө кырдаал генерацияга киргизилген”,-деди министр.

Депутат ага жөн эле монтер же электрик эмес, энергетика тармагындагы саясатты алып бара турган министр экенин эскертти.

"Жеке компаниянын кызыкчылыгын коргоонун кереги жок. Бул сиз кенен ойлонбойсуз дегенди билдирет. Сиздин ой жүгүртүүңүз өтө кыска", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости