www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Көк-Жар кичи районундагы курулуш объектисинде жер казуу иштеринен улам тротуар бузулганы аныкталды. Текшерүүдө коопсуздук жана курулуш талаптары сакталбаганы, ошондой эле объект тиешелүү реестрге катталбаганы белгилүү болгон. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Жыйынтыгында «Улан Строй Компани» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, лицензиясы 90 күнгө токтотулду жана компания кара тизмеге киргизилди.

Ошондой эле жооптуу кызматкерлер квалификациялык сертификаттарынан ажыратылып, объекттин жумушчу долбоору жана шаар куруу корутундусу жокко чыгарылды.

Компанияга бузулган тротуарды толук калыбына келтирүү тапшырылды. Учурда коопсуздук үчүн аймак тосулуп, кошумча жарыктандыруу орнотулду.

Последние новости