www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Роналду менен Джорджинанын үйлөнүү тоюн күтүп 2 миңдей адам чогулду, бирок башка жубайлардын тоюна күбө болушту.
8-августта Мадейра аралындагы Фуншал шаарындагы собордун алдына 2 миңге жакын адам чогулду. Алар португалиялык футболчу Криштиану Роналду менен анын сүйүктүүсү Джорджина Родригестин үйлөнүү тоюн көрүүгө үмүттөнүшкөн. Бирок жыйынтыгында алар башка түгөйлөрдүн үйлөнүү аземине күбө болушкан. Бул тууралуу Euronews жазды.
Буга чейин Роналду футбол боюнча дүйнө чемпионатынан кийин Джорджина Родригеске үйлөнөрүн билдирген. Бирок футболчу тойдун так датасын жана өтө турган жерин ачыктаган эмес.
Британиялык The Sun басылмасы үйлөнүү тою 8-августта саат 15:00дө Фуншал шаарындагы собордо өтөрүн жазган. Бул маалыматтан кийин собордун алдына футболчунун күйөрмандары, журналисттер жана шаар тургундары чогула баштаган.
Азем башталар алдында элдин саны 2 миңге жакындаган. Күйөрмандар кол телефондорун даярдап, колуктунун келишин күтүшкөн. Бирок унаадан Джорджина эмес, Николь аттуу башка кыз чыккан.
Собордун ичине киргендер да Роналду менен Джорджинаны көрүшкөн эмес. Көрсө, ал жерде Фабио аттуу башка күйөө бала үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткан.
Ошентип, Роналду менен Джорджинанын үйлөнүү тоюн күткөн эл жаңылыш маалыматтын айынан башка жубайлардын үйлөнүү аземине күбө болгон.